КФБнын футбол калыстары расмий фитнес-тесттен өттү

Спорт 30 Март 2026 15:15
WhatsApp Image 2026-03-30 at 12.28.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-30 at 12.28.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-30 at 12.28.42 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-03-30 at 12.28.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-30 at 12.28.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-30 at 12.28.42 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Футбол калыстарынын расмий фитнес-тести өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тестирлөө ФИФАнын талаптары боюнча өткөрүлүп, калыстардын физикалык даярдыгын баалоого багытталды.

Жалпысынан тестирлөөгө 135 калыс жана жардамчы калыс катышты:

  • Бишкек шаары — 65;
  • Ош шаары — 37;
  • Манас шаары — 33.

Белгилей кетсек, бул быйылкы жылдагы калыстар үчүн үчүнчү расмий фитнес-тест. Буга чейин ушундай сыноолор январь жана февраль айларында өткөрүлгөн.

Ар бир тесттен кийин калыстардын учурдагы физикалык абалын баалоо максатында милдеттүү түрдө көзөмөлдүк таразага тартуу жүргүзүлөт. Кыргыз футбол биримдиги жана Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын алкагындагы оюндарды тейлөөгө бардык талаптарды ийгиликтүү аткарган жана салмактык көзөмөлдөн өткөн калыстар гана уруксат алышат.