Ата мекендик адистер аялдар арасындагы Азия кубогунда кызмат өтөөдө

Спорт 11 Март 2026 13:00
649295431_1393200062850380_3493634533999801520_n.jpg
648954234_1393200076183712_565482956921582329_n.jpg
648961108_1393200066183713_4101345260824677909_n.jpg
651148147_1393200112850375_2813267269103467983_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Ата мекендик адистер Австралияда өтүп жаткан 2026-жылкы аялдар арасындагы Азия кубогунда кызмат кылууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, калыс Вероника Бернацкая 2-март күнү мелдештин А тайпасындагы Корея — Иран беттешин тейлесе, 7-март күнү Индия — Япония курама командаларынын оюнунда да калыстык милдетин аткарды.

Мындан тышкары, КФБнын адиси Жибек Кубанычбек кызы Сидней шаарындагы беттештердин медиа-офицери катары иш алып барууда. Ал эми Алия Бейшеева Азия футбол конфедерациясынын расмий фотокорреспонденти катары кызмат өтөп жатат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдагы аялдар арасындагы Азия кубогу — Азия континентиндеги аялдар футболу боюнча эң ири мелдеш болуп саналат. Турнирге 12 улуттук курама команда катышууда.