Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кербен шаарынын Өлөң-Булак айылында №55 К.Абдырахманов атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Парламенттен билдиришкнедей, тургундар Нурланбек Тургунбек уулу депутат болуп шайланганда 1986-жылы курулган авариялык абалдагы мектепти жаңыртып берүү өтүнүчүн айтышкан.
Ага ылайык, депутаттын демилгеси менен 2023-жылы 150 орундуу билим берүү жайынын курулушу башталып, долбоорго жалпы 38 млн сом жумшалган. Учурда ашканасын да салуу иши уланууда.
"Буйруса тоо койнунда жайгашкан мындай куттуу жайдан элибизге кызмат кылган, мыкты уул-кыздар таалим-тарбия алып чыгарына терең ишенем. Анткени, "Ааламга жол айылдан башталат"дегендей, кыргыз тарыхында элеттен чыккан эр-азаматтар эл башкарган мисалдар арбын",– деди төрага.
Андан тышкары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу да учкай кеп кылган Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районунда эле көптөгөн социалдык мектептер курулуп, жолдор жана суу каналдары жаңыртылып жатканын эске салды.
“Акыркы төрт жыл аралыгында өлкө казынасы үч эсе өсүп, 704 млрд сомго жетти. Кийинки жылдын бюджетин 800 млрд сомдон ашыруу пландалууда. Андыктан, мамлекетибизди өнүктүрүүгө багытталган аракеттер дагы уланат”, – деген төрага Өлөң-Булак айылына жаңы заманбап спорт залын да куруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.
Ошондой эле Нурланбек Тургунбек уулу жаңы мектепке жардам катары 300 миң сомдук сертификат тапшырды.