Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу кийинки жылы бүткөрүлөт

Жогорку Кеңеш 2290 29 Август 2025 12:45
539736842_797078392769229_81623733398477209_n.jpg
535406626_797078399435895_219603420175803848_n.jpg
538840945_797078432769225_2419532306599080210_n.jpg
538943841_797078339435901_543766196033615120_n (1).jpg
539732339_797078359435899_4318035307946047114_n.jpg
540267567_797078342769234_2134401280584832092_n.jpg
540292087_797078366102565_129752523208092061_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу кийинки жылы бүткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңештин төрага Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районундагы жумушчу сапарынын алкагында аталган жолдун курулушу менен таанышуусу учурунда белгилүү болду.

Парламенттен билдиришкендей, 9 чакырымдык айланма жолдун жана андагы эки көпүрөнүн курулушуна 596 млн сомдой каражат каралган. Үчүнчү категориядагы эки тилкелүү жол кийинки жылы бүткөрүлөрү күтүлүүдө.

Төрага жолдун Кербен шаары үчүн эле эмес, жалпы аймак үчүн мааниси чоң экенин белгиледи.

“Жол салынып бүтсө башка райондорго каттаган унаалардын шаардын ичине кирбестен өтүп кетүүсүнө өбөлгө түзүлөт. Тагыраагы, Ала-Бука, Сары-Челек тарапка бара турган унаалар Кербен шаарын айланып өтө беришет. Бул өз кезегинде калаадагы тыгынды азайтууга көмөкчү болот”, – деди ал

Ошону менен катар тиешелүү жетекчилерди иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырган Нурланбек Тургунбек уулу: “Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу пайдаланып, жолдун сапатын тыкыр көзөмөлдөш керек”, – деген талабын айтты.