Кенияда тик учак кулап, 7 адам каза болду

Дүйнө 142 20 Август 2026 10:30
WhatsApp_Image_2026_ihMyTSl.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Кениянын Самбуру округундагы Ололокве тоосунда тик учак кулап, 7 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди.

Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, Eurocopter EC130 B4 үлгүсүндөгү тик учактын бортунда алты турист жана учкуч болгон. Кырсыктын кесепетинен алардын баары каза тапкан.

Lady Lori чартердик компаниясына таандык тик учак өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Лайкипия округунда жайгашкан Соян ранчосунан Лойсаба коругуна багыт алган.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Жергиликтүү авиация бийлиги окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн иликтөө иштерин баштады.