Кеминде чабан Кызыл китепке кирген бугунун баласын куткарып калды

Экология 10 Октябрь 2025 15:35
68e8c0f6ce095-post_gallery_thumb-hd.jpg
68e8c0f3ca8d3-post_gallery_thumb-hd.jpg
68e8c0f070860-post_gallery_thumb-hd.jpg
11.jpg
Алдыга
Артка
68e8c0f6ce095-post_gallery_thumb-hd.jpg
68e8c0f3ca8d3-post_gallery_thumb-hd.jpg
68e8c0f070860-post_gallery_thumb-hd.jpg
11.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Кемин районунун Боо-Жетпес коктусунда Жаратылыш аймактарын жана биоресурстарды коргоо департаментинин кызматкерлери NABU уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте жапайы жаныбарды куткаруу боюнча мобилдик куткаруу операциясын жүргүзүштү.

Жаратылыш ресурстар министрлигинин маалыматы боюнча, малчы С.Э. бир ай мурда жайлоодо мал карап жүрүп, жаракат алып баса албай калган бугу маралдын 1 баш музоосун таап алып, койлору менен кошо багып, анын жараатын айыктырган. Жаныбар айыккандан соң чабан жаратылышты коргоо бөлүмүнө кайрылган.

Бул үчүн малчы С.Э.ге үчүн ыраазычылык билдирилип, тиешелүү акт түзүлүп, музоо NABU уюмунун Терек-Сулуу коктусунда жайгашкан жабыр тарткан жаныбарларды жандандырып кайра кое берүү реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, бугу марал КР Кызыл китебине кирген жаныбар болуп саналат, министрлер кабинетинин 12.07.2024-ж. №384 токтомунун редакциясына ылайык, 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом айып салынат.