Келечектин технологиялары: Кыргызстан ШКУ өлкөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

ШКУ Загрузка... 10 Июль 2026 14:30
photo_5370580923042_uKkaCRz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер менен жашыл энергетика, таза технологиялар жана суутек иштеп чыгуу жаатында кызматташтыкты кеңейтүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев ШКУ өлкөлөрүнүн академиктеринин жашыл энергетика боюнча III форумунун жыйынтыгына токтолуп жатып билдирди.

Анын айтымында, форум ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда илимий жана билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ошондой эле туруктуу энергетикага өтүү жана заманбап технологияларды киргизүү келечегин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Иш-чара 2026-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында өткөн. Аны Кыргызстан эл аралык университети, КР Улуттук илимдер академиясы жана Кытайдын Сиань Цзяотун университети биргелешип уюштурган.

Форумда кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү, жашыл технологияларды киргизүү, ченемдик базаны өркүндөтүү жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

"Уюмга мүчө өлкөлөрдүн окумуштуулары менен эксперттеринин изилдөөлөрүн камтыган "ШКУ өлкөлөрүндөгү жашыл энергетика: стратегиялар, жөнгө салуу жана келечек" аттуу жамааттык илимий монография тааныштырылды, - деди ал.

Ошондой эле ал "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагында Кыргызстан эл аралык университетинде таза энергетика жана энергияны сактоо боюнча биргелешкен лаборатория түзүү долбоору көрсөтүлүп, санариптик технологияларды колдонуу менен энергияны үнөмдөө тармагында адистерди даярдоочу демонстрациялык борбордун бет ачары өткөнүн айтты.

Академик Айдаралиев кошумчалагандай, форумдун жыйынтыгында окумуштуулар ШКУ мейкиндигинде жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиялык жол картасын иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти. Бул аймактын энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга жана климаттык чакырыктарга биргеликте туруштук берүүгө өбөлгө түзөт.