“Келечекке салым” балдар аманаты. Алгачкы жолу 18 жашка толгон жаранга 500 миң сом берилди

Коом Загрузка... 01 Апрель 2025 12:25
WhatsApp Image 2025-04-01 at 08.50.50 (1).jpeg
copyright icon Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. “Келечекке салым” балдар аманатынын 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты 18 жашка толгон жаранга берилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, 2024-жылдын июль айынан тартып Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон эсеп ачылган. Үстүбүздөгү жылдын январь айында алгачкы жолу депозит Бишкек шаарынын тургунуна берилди.

“Ушул жылдын январь айында Бишкек шаарынын Октябрь районунун жашоочусу 500 миң сом өлчөмүндөгү депозитин колдонду. Ал 1440 АКШ доллары акча каражатын Малайзиядагы университетке контрагын төлөөгө алды.

Ушундай каражатты ар бир бала 18 жашка чыкканда колуна 500 миң сомдон алат. Аны алар билим алууга, ипотека үчүн баштапкы төлөм катары төлөөгө колдоно алышат”, - деди министр.