Кел-Сууда экологиялык талаптарды бузган 5 факты аныкталды

Аймак 28 август 2026 10:55
WhatsApp Image 2026-08-28 at 07.01.22 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-28 at 07.01.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-28 at 07.01.20.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-28 at 07.01.21 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-28 at 07.01.21 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-28 at 07.01.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-28 at 07.01.22 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-28 at 07.01.22.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Нарын облусундагы Кел-Суу көлүндө экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылыш аймактарын коргоо максатында рейд өттү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан уюштурулуп, ИИМдин, Туризм департаментинин, Чек ара кызматынын, ӨКМдин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Рейд учурунда айрым кайыктардын моторлорунан айлана-чөйрөгө зыяндуу заттар бөлүнүп чыгышы жана унаалардын жайыттарга ээнбаш кирип, өсүмдүктөрдү тебелеп-тепсегени аныкталды. Натыйжада 5 протокол түзүлүп, 22 миң 500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, көлдүн жээгинен сууга ташталган жана сууну булгаган эки кайыктын мотору чыгарылды.

Инспекторлор кайык айдоочуларына, унаа ээлерине жана туристтерге экологиялык талаптарды сактоо, жаратылыш аймактарын бузбоо жана унаалар менен белгиленген жолдор аркылуу гана жүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.