Кегети капчыгайында жайытка зыян келтиргендер аныкталды

Экология 24 Август 2026 09:40
731357246_3892506857559151_4671546297693789856_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Кегети капчыгайында жайыттарды сактоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чарада жайыт аймагында жүргөн эндуро мотоцикл аныкталып, жайытка зыян келтирген факты боюнча жеринде административдик протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, жайыт аймагында 4 квадроцикл, унаа менен жүргөн жарандарга тиешелүү түшүндүрмөлөр жана эскертүүлөр берилди.