Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында төраганын орун басары Медер Алиев үч мыйзамга — Жарандык процессуалдык кодекске, Балдар жөнүндө кодекске жана "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган мыйзам долбоору тууралуу айтып берди.
Ал белгилегендей, учурда баңгизаттардын түрлөрү абдан көбөйдү.
"Биз Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында баңгизаттарды, анын ичинде дарыкана баңгилигин жайылтуу үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча кодекстерге бир катар өзгөртүүлөрдү киргиздик. Эми балдарга күчтүү таасир этүүчү дарыларды саткан фармацевттер 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бизге эски Кылмыш-жаза кодексинде баңгизаттарды жарнамалоо үчүн жаза каралбаганы жаңылык болду. Эми баңгизаттарды интернет мейкиндиги, Телеграмм-каналдар аркылуу саткандыгы үчүн да жаза катаалдаштырылып, 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы киргизилди. Чоң шаарларда жогорку класстын окуучулары жана студенттер буга берилип жатышат", — деди ал.
Алиев ошондой эле баңгизаттардын түрлөрү өзгөрүп жатканын баса белгиледи.
"Эгер мурда гашиш менен героин гана болсо, азыр психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлор пайда болду", — деп кошумчалады ал.