Көчмөндөрдүн кульминациясы: эртең көк бөрү менен көкпардын финалы өтөт

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 23:00
Көчмөндөрдүн кульминациясы: эртең көк бөрү менен көкпардын финалы өтөт
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Эртең, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпардын финалдык оюндары өтөт.

Көк бөрү боюнча финалдык беттеш саат 10:00дө, ал эми көкпар боюнча финал саат 12:00дө башталат.

Күйөрмандар көптөн күткөн бул таймаштар - көчмөндөр оюндарынын эң кызыктуу жана маанилүү окуяларынын бири болот.