Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Көчмөндөр тарыхын өз алдынча илимий багыт катары өнүктүрүп, анын академиялык мейкиндиктеги ордун бекемдөө жана эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү. Бул тууралуу КР мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” эл аралык илимий конференциясында билдирди.
Анын айтымында, көчмөн цивилизациясын бир гана тарыхый көрүнүш катары эмес, Евразиянын жана жалпы адамзаттын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизген өз алдынча цивилизациялык феномен катары кароо зарыл.
“Евразиялык көчмөнчүлүктүн дээрлик 30 кылымдык тарыхы бар. 30 кылым бою Евразия мейкиндигинде жашады. Биз ошол 30 кылымдык тарыхты моюн бербей сактап келдик. Бул ата-бабалардын динге ишенгени сыяктуу эле, аң-сезиминин түпкүрүндөгү тандоосу болду”, — деди ал.
Мамлекеттик катчы Евразиялык көчмөнчүлүк ар түрдүү отурукташкан маданияттар менен өз ара байланышта болуп, бири-бирине таасир тийгизгенин белгиледи.
Ал окумуштууларга Евразиялык көчмөндөрдүн Кытай цивилизациясы, Ислам дүйнөсү жана Русь менен болгон тарыхый байланыштарын биргелешип изилдөөнү сунуштады.
“Евразиялык көчмөндөрдүн тарыхы жана Кытай” темасында биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, көчмөндөр дүйнөсү менен Ислам цивилизациясынын байланышын терең изилдөө жана көчмөндөр дүйнөсү менен Русь боюнча илимий иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи.
Арслан Койчиев ошондой эле кыргыздар Евразиялык көчмөнчүлүктүн соңку мураскерлеринин бири катары советтик модернизация процессине өткөнүнө токтолду.
Ал эми Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Эгемендүүлүк күнүндө айткан сөзүн мисал келтирип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары байыркы көчмөндөрдөн калган руханий жана маданий мурасты жаңы мазмун менен кайра жаратып жатканын белгиледи.
“Көчмөндөр оюндары — Евразия мейкиндигин байырлаган байыркы көчмөндөрдөн, байыркы гунндардан, байыркы кыргыздардан, байыркы түрктөрдөн, байыркы түргөштөрдөн жана башка байыркы көчмөн бабаларыбыздан мурасталып калган улуу маданий мурас. Мына ушул руханий жана маданий мурас бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу жаңы мазмун менен кайра жаралууда”, — деген президенттин сөзүн келтирди Койчиев.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий конференция өтүүдө.
Иш-чарада көчмөн цивилизациясынын тарыхы, мурасы, азыркы илимий түшүнүктөрү жана келечектеги изилдөө багыттары талкууланууда.