Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. UFC чемпиону жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору Валентина Шевченко Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, спортчуну бүгүн, 28-августта "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алышты. Ал оюндардын алкагындагы спорттук мелдештерге катышып, бир катар иш-чараларга барат.