Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2–5-сентябрь күндөрү Кырчын капчыгайындагы Спорттук шаарчада салбуурун боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Мелдештерде куш салуу, тайган жарыш, далба ойнотуу, бүркүт салуу жана салттуу жаа атуу боюнча спортчулар күч сынашты.
Бүркүт салуу боюнча 8 өлкөдөн 18 катышуучу жарышты:
- 1-орун — Абдыкадыров Түгөлбай (Кыргызстан) — 50 миң сом;
- 2-орун — Кушкаров Арман (Казакстан) — 40 миң сом;
- 3-орун — Шамурат уулу Бакыт (Кыргызстан) — 30 миң сом.
Далба ойнотуу боюнча 5 өлкөдөн 10 катышуучу күч сынашты:
- 1-орун — Шамурат уулу Бакыт (Кыргызстан) — 50 миң сом;
- 2-орун — Бабажан Бакдөөлөт (Казакстан) — 40 миң сом;
- 3-орун — Кенжетаев Эрлан (Казакстан) — 30 миң сом.
Куш салуу боюнча 4 өлкөдөн 10 катышуучу мелдешке катышты:
- 1-орун — Жалгасулы Серикболсун (Казакстан) — 50 миң сом;
- 2-орун — Кудайбердиев Адылбек (Кыргызстан) — 40 миң сом;
- 3-орун — Бактыбек уулу Тойлубай (Кыргызстан) — 30 миң сом.
Тайган жарышта 4 өлкөдөн 11 катышуучу ат салышты:
- 1-орун — Курбанов Равшанбек (Өзбекстан) — 50 миң сом;
- 2-орун — Жолдошов Чаткалбай (Кыргызстан) — 40 миң сом;
- 3-орун — Керимов Азизжан (Өзбекстан) — 30 миң сом.
Ал эми кыргыз эрежеси боюнча салттуу жаа атуу мелдешине 51 өлкөдөн 211 спортчу катышып, мелдеш эркектер жана аялдар арасында өткөрүлдү.
Эркектер арасында:
- 1-орун — Жунусов Алмаз (Кыргызстан);
- 2-орун — Эмилбек уулу Нурсултан (Кыргызстан);
- 3-орун — Кочка Ласло (Венгрия).
Кыз-келиндер арасында:
- 1-орун — Галымжанова Асемгул (Казакстан);
- 2-орун — Айкоркем Батихкан (Казакстан);
- 3-орун — Спиридонова Клара (Россия).
Түрк эрежеси боюнча салттуу жаа атуу боюнча да 51 өлкөдөн 211 спортчу катышты.
Эркектер арасында:
- 1-орун — Жунусов Алмаз (Кыргызстан);
- 2-орун — Бат-Эрдэнэ Ганзориг (Монголия);
- 3-орун — Сессигюзел Али (Казакстан).
Кыз-келиндер арасында:
- 1-орун — Кабдоллаева Аяш (Казакстан);
- 2-орун — Садырова Асел (Кыргызстан);
- 3-орун — Спиридонова Клара (Россия).
Ат үстүндө жаа атуу (венгр стили) боюнча 32 өлкөдөн 160 спортчу катышты.
Эркектер арасында:
- 1-орун — Рафаэль Мале (Франция);
- 2-орун — Вермеш Балаж (Венгрия);
- 3-орун — Абзал Тулыбеков (Казакстан).
Кыз-келиндер арасында:
- 1-орун — Ханна Декшеи (Венгрия);
- 2-орун — Ыксан Аружан (Казакстан);
- 3-орун — Мэйвэнь Линь (Кытай).