Көчмөндөр оюндарында 37 миңден ашык билет сатылды

Көчмөндөр оюндары-2026
Көчмөндөр оюндарында 37 миңден ашык билет сатылды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата 37 миңден ашык билет сатылды. Бул тууралуу бүгүн оюндардын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов билдирди.

Анын айтымында, билеттерди сатуу жана эсепке алуу үчүн атайын улуттук электрондук билет системасы — e-nebs.gov.kg иштелип чыгып, билеттер аталган система аркылуу сатылган.

“2026-жылдын 5-сентябрына карата жалпы 37 миң 198 билет сатылды”, — деди Аскаралы Мадаминов.