Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. 1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл жергесинде өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына миңдеген коноктор келери күтүлүүдө.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага келген көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында айрым буюмдарды оюндар өтүүчү аймактарга алып кирүүгө тыюу салынат.
- Курал-жарак жана ок-дарылар;
- бычак, курч миздүү жана башка кооптуу буюмдар;
- жарылуучу заттар жана пиротехникалык каражаттар;
- күйүүчү, тез тутануучу жана химиялык заттар;
- спирттик ичимдиктер;
- айнек бөтөлкө жана башка айнек буюмдар;
- лазер көрсөткүчтөр;
- Уруксатсыз дрондор жана учуучу аппараттар.
"Бул талаптар биринчи кезекте көрүүчүлөрдүн, спортчулардын, коноктордун жана уюштуруучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн киргизилген", - деп айтылат маалыматта.
Ошондуктан министрлик оюндар өтүүчү жайга жөнөп жатканда сумкадагы буюмдарды алдын ала текшерип алууну эскертти.