Көчмөндөр оюндарын 250 чет элдик журналист Ысык-Көлдөн чагылдырууда — Сарногоева

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 17:20
Көчмөндөр оюндарын 250 чет элдик журналист Ысык-Көлдөн чагылдырууда — Сарногоева

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп, өлкөнүн маданияты, жаратылышы жана оюндардын жүрүшү эл аралык деңгээлде кызыгууну арттырды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, мында журналисттердин, блогерлердин жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген медиа өкүлдөрүнүн активдүү иш алып барып баруусу чоң салым кошууда.

“Өзгөчө чет элдик журналисттер биздин маданиятка, жаратылышыбыздын кооздугуна кызыгып жатышат. Быйыл биринчи жолу Кырчын жайлоосунда чоң этношаарча курулду. Алар этношаарчаны биринчи жолу көрүшүп, абдан таң калышууда”, — деди ал.

Сарногоева белгилегендей, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында журналисттердин иштөөсү үчүн министрлик тарабынан эки пресс-борбор уюштурулган. Алардын бири Чолпон-Ата шаарында жайгашып, анда 500дөн ашык журналисттин иш алып баруусу үчүн шарттар түзүлгөн. Борбордо күн сайын пресс-конференциялар өткөрүлүп, журналисттер үчүн интернет, тамак-аш уюштурулган.

Экинчи пресс-борбор Кырчын жайлоосунда 10 боз үйдөн уюштурулуп, анда да журналисттер үчүн интернет, электр энергиясы, ысык тамак камсыздалган.

“Бүгүнкү күндө ар бир локацияда журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү иш алып барып жатышат. Өзгөчө чет элдик журналисттерди интернет менен камсыздап жатабыз. Азыркы учурда Ысык-Көлдө 250 чет элдик журналист иштеп жатат”, — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле анын маалыматына караганда, чет элдик журналисттерди аэропорттон тосуп алуудан тартып, жайгаштыруу жана мелдеш өтүп жаткан жерлерге жеткирүү иштери уюштурулган. Бардык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү транспорт менен камсыздалууда.

Сарногоева чет элдик журналисттер менен катар дүйнө жүзүндө кеңири аудиторияга ээ блогерлер жана медиа амбассадорлор да оюндарды активдүү чагылдырып жатканын белгиледи.

“Медиа өкүлдөрдүн арасында миллиондон ашык катталуучусу бар блогерлер да бар. Алар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кеңири чагылдырып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга чоң салым кошуп жатышат”, — деди ал.

Анын айтымында, оюндардын жүрүшүндө көп сандаган жаңы контент жаралып, ар кайсы локациялардагы иш-чаралар эл аралык жана жергиликтүү медиада кеңири чагылдырылууда.