Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө белгилүү спортчу Валентина Шевченконун катышуусунда өз ара жардамдашуунун жылуу учуру болду.
Трибунага чыгар алдында белгилүү спортчуга бийик така бут кийим менен жүрүү ыңгайсыздык жараткан. Муну байкаган ”Кабар“ маалымат агенттигинин журналисти Мээрим Айныкеева өзүнүн бут кийимин чечип берип, Валентина Шевченконун өзүн ыңгайлуу сезишине жардам көрсөттү.
Күтүүсүз болгон бул жардамдашуу учуру видеого тартылып, айланадагылардын жылуу маанайын жаратты.