Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги объекттерин электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылууга энергетика тармагынан 600дөн ашуун адис тартылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Энергетиктер иш-чаралар өтүп жаткан күндөрү күнү-түнү нөөмөттө туруп, электр тармактарынын жана жабдуулардын абалын көзөмөлдөп, мүмкүн болуучу авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр болушту.
"Электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн негизги объекттердин энергетикалык инфраструктурасы алдын ала даярдалып, резервдик электр булактарынын даярдыгы камсыздалды", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, аткарылган иштердин натыйжасында Көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий иш-чаралары өткөн негизги аянтчалар үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалды.