Көчмөндөр оюндары: Тогуз коргоол боюнча мелдештер башталды

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 08:20
Көчмөндөр оюндары: Тогуз коргоол боюнча мелдештер башталды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. 1-сентябрда “Евразия” пансионатында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тогуз коргоол боюнча мелдештер өттү.

Оюндардын медиа штабынын маалыматына ылайык, мелдештин биринчи күнүндө жалпы 127 спортчу күч сынашты. Алардын 67си эркектер, 60ы кыз-келиндер.

Тогуз коргоол боюнча мелдештер бүгүн да уланат. Спортчуларлы бир катар оюндар жана мелдештин кийинки этаптары күтүп турат.

Күч сынашуулардын 2-сентябрдагы программасы:

  • 09:00–10:40 — овари;
  • 11:00–12:40 — мангала;
  • 14:30–16:30 — тогуз коргоол;
  • 17:00–18:00 — оюндардын ачылыш аземи;
  • 18:00–19:00 — тогуз коргоол.