Көчмөндөр оюндары: Ош шаарынын ордосунда улуттук өнөрлөр даңазаланууда

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 12:50
Көчмөндөр оюндары: Ош шаарынын ордосунда улуттук өнөрлөр даңазаланууда
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда Ош шаарынын ордосу улуттук маданиятты, кол өнөрчүлүктү жана салттуу өнөрлөрдү таанытууда.

Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекованын айтымында, ордого өнөрпоздор, уз-усталар жана кол өнөрчүлөрдөн турган 247 адам келген. Алардын 90 пайызга жакынын жаштар түзөт.

"Жаштарды алып келүүдөгү негизги максат – улуттук баалуулуктарды, маданиятты жана руханий дөөлөттөрдү өз көздөрү менен көрүп, өздөрүнүн өнөрүн да тартуулоосуна шарт түзүү", – деди ал.

Ордодо Ош шаарына таандык дарчылык, теричилик, саймачылык жана таар согуу өнөрлөрү көрсөтүлүп, коноктор үчүн мастер-класстар уюштурулууда.

Айдарбекова дарчылык өнөрүн аздектеп келе жаткан жалгыз шаар Ош экенин белгиледи.