Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде Ысык-Көл облусунун негизги аянтчаларында медициналык камсыздоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү. Бул тууралуу оюндардын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, медициналык жардам көрсөтүүгө республикалык жана аймактык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынан 340тан ашуун кызматкер тартылган.
Оюндардын аянтчаларында тез медициналык жардам көрсөтүү бригадалары, медициналык пункттар, мобилдик клиникалар жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Апааттык медицина кызматынын мобилдүү госпиталы уюштурулган. Кырчын аянтчасында 10 тез жардам бригадасы, 6 медициналык пункт жана ӨКМдин мобилдүү госпиталы иштеген.
Мобилдүү госпиталь суткасына 150гө чейин амбулатордук бейтапты кабыл алууга жана 20га чейин хирургиялык операция жүргүзүүгө ылайыкталган. Зарыл болгон учурда ал 90 стационардык жана 8 реанимациялык керебет менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
6-сентябрдын таңына карата 27-августтан 6-сентябрга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аянтчаларында медициналык жардам алуу боюнча 1 миң 516 кайрылуу катталган. Анын ичинен 1 миң 3 кайрылуу Кырчынга, 264 кайрылуу ӨКМдин мобилдүү клиникасына туура келет. Кайрылгандардын арасында 150 чет өлкөлүк жаран болгон.
Жалпысынан 273 жаракат алуу учуру, жугуштуу ооруларга шектелген 99 учур жана оор же шашылыш медициналык жардамды талап кылган 101 учур катталган. 75 адам ооруканага жаткырылып, 25 бейтап андан ары медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез медициналык жардам бригадаларына өткөрүлүп берилген.
Кырчындагы мобилдүү госпиталдын иши
Бул мезгил аралыгында Кырчындагы ӨКМдин мобилдүү госпиталында 264 кайрылуу катталган. Алардын 84ү жаракат алуу, 46сы хирургиялык, 61и терапиялык учурлар болсо, балдар боюнча 34 кайрылуу болгон.
Медициналык жардамдын басымдуу бөлүгү жеринде көрсөтүлгөн. Зарыл болгон учурда бейтаптар тиешелүү саламаттык сактоо уюмдарына жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын медициналык мекемелери керебет фондунун резервин жана тармактык адистердин күнү-түнү нөөмөтүн камсыздаган. Медициналык эвакуациянын бирдиктүү системасы иштеп, бейтаптарды медициналык пункттардан же мобилдүү клиникалардан стационарларга, зарыл болгон учурда республикалык деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарына жеткирүү уюштурулган.
Ысык-Көл районундагы стационарлардын иши
Жалпы медициналык камсыздоонун алкагында Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борбору да күчөтүлгөн тартипте иштеген. Мекеменин маалыматына ылайык, 27-августтан 4-сентябрга чейин 1 миң 782 кайрылуу катталган. Алардын 839у Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын конокторуна, туристтерине жана катышуучуларына тиешелүү болгон.
Бул мезгилде 171 бейтап ооруканага жаткырылып, алардын 57си оюндун коноктору, туристтери жана катышуучулары болгон.
Айдоочулардын ден соолугун көзөмөлдөө
Транспорт башкаруу учурундагы коопсуздукка да өзгөчө көңүл бурулган. 1–5-сентябрь аралыгында дарыгер-наркологдор үч аянтчада айдоочуларды каттамга чыгар алдында 1 миң 325 медициналык кароодон өткөрүшкөн. Башкарууга уруксат берилбеген учурлар катталган эмес.
Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда 51 медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлүп, анын 8 учурунда алкоголдук мас абалы аныкталган.
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан жатаканаларга, тамактануу объектилерине жана спорттук аянтчаларга күчөтүлгөн көзөмөл уюштурулган. Бул иштерге аймактык борборлордон 80ден ашуун адис тартылган.
Спортчуларды жана оюндун катышуучуларын жайгаштырган 20дан ашуун объект, анын ичинде мейманканалар, пансионаттар жана санаторийлер көзөмөлгө алынган. Өзгөчө көңүл тамак-аштын коопсуздугуна, кызматкерлерди медициналык кароодон өткөрүүгө, ичүүчү суунун сапатына жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышына бурулган.
Кырчын жайлоосунда өзүнчө көзөмөл жүргүзүлүп, күн сайын коомдук тамактануу жана соода объектилери, азык-түлүк зонасы, ичүүчү суу менен камсыздоо системасы, коомдук ажатканалар жана санитардык инфраструктура текшерилип турган. Ошондой эле спортчулар үчүн тамак-ашты даярдоо, сактоо, ташуу жана таратуу шарттары көзөмөлдөнгөн.
Лабораториялык көзөмөлдүн алкагында ичүүчү суу, тамак-аш азыктары жана даяр тамактардын үлгүлөрү изилденген. Жалпысынан 3 миң 684 лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн.
Гүлбара Ишенапысованын маалыматына караганда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. Оюндун катышуучуларынын жана конокторунун арасында массалык тамак-аштан уулануу учурлары катталган эмес.