Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда консультациялык жардамга муктаж болгон майыптыгы бар адамдар кайда кайрыла аларын маалымдады.
Ведомствонун билдирүүсунө ылайык, 6-сентябрга чейин иш-чаралар өтүүчү аянтчаларда социалдык коргоо системасынын адистери иш алып барышат. Аларды логотиби бар атайын жилеттеринен таанып билүүгө болот.
"Кызматкерлер конокторго багыт алууга, жүрүп-турууга жана зарыл учурда консультация алууга көмөк көрсөтүшөт. Майыптыгы бар адамдар үчүн атайын көрсөтмө белгилер да орнотулган", - деп айтылат маалыматта.
Майып арабасы менен жүргөн коноктор үчүн "Газпром" спорт комплексинин аймагында иш-чара өтүүчү жерге чейин коштоп баруучу атайын транспорт каражаты каралган.
Мындан тышкары, бардык суроолор боюнча төмөнкү "түз байланыш" номерлерине кайрылса болот:
- 0702 942 893;
- 0705 991 979;
- 0703 613 311.
Эмгек министрлиги зарыл болгон учурда иш-чара өтүүчү аянтчалардагы адистерге түздөн-түз кайрылууга же жогоруда көрсөтүлгөн номерлерге чалууга чакырды.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүүдө.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.