Көчмөндөр оюндары: Кырчын жайлоосу онлайн көзөмөлдөнүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 14:50
790408508_2260431867845630_6897567890450839957_n.jpg
787044958_1055604060575513_3381659473729412541_n.jpg
790408485_2054335491863932_5451845377087237667_n.jpg
791335196_1069438879316908_8944938441249116313_n.jpg
792961485_1536733181071745_3700690181716604290_n.jpg
793159000_3209929182534163_4757457527811453625_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда Кырчын жайлоосундагы коомдук тартип жана коопсуздук онлайн видеокамералар аркылуу көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жайлоодо ИИМдин Ички аскерлеринин атайын жабдылган "Аска" көчмө башкаруу борбору кызмат өтөөдө.

"Борбор аркылуу аймактагы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, коопсуздукту камсыз кылууга тартылган күчтөрдүн иш-аракети координацияланууда. Бул түзүлгөн кырдаалга жараша ыкчам чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүүдө.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.