Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында көк бөрүчүлөрдүн чүчү кулагы өтүп, анын жыйынтыгы менен командалар эки тайпага бөлүнүштү. Бул тууралуу оюндардын медиаштабы билдирет.
Анда белгилүү болгондой, оюндардын алкагындагы көк бөрү мелдешине 7 команда катышат.
Чүчү кулактын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
- А тайпасы: Кыргызстан, Россия, АКШ, Өзбекстан.
- В тайпасы: Венгрия, Казакстан, Тажикстан.
Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча мелдештер эртең, 2-сентябрда башталат.