Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы "Эл аралык көк бөрү" ассоциациясы менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду. Бул тууралуу катчылыктан билдиришти.
Документке катчылыктын жетекчисинин биринчи орун басары Белек Үсөнбеков жана ассоциациянын президенти Талант Кенжеев кол коюшту.
Келишимге ылайык, ассоциация быйыл өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештерди уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздайт. Анын ичинде чет өлкөлүк командалардын катышуусу, калыстык кылуу жана спорттук жабдуулар менен камсыздоо каралган.
Буга чейин Дүйнөлүк алыш федерациясы менен дагы кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн. Федерация алыш боюнча мелдештерди өткөрүүнү, чет өлкөлүк спортчулардын катышуусун, ошондой эле калыстык жана спорттук жабдууларды камсыз кылат.