Кырчында канадалык конок комуздун коштоосунда кыргызча обон созду

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 13:30
Кырчында канадалык конок комуздун коштоосунда кыргызча обон созду
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Канададан келген конок Ауди Александер Кырчындагы Баткен ордосунда кыргыздын улуттук маданиятын даңазалаган өнөрүн тартуулады.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ал кыргыз эл артисти Апаз Жайнаковдун “Кыргыз жери” аттуу чыгармасын комузда аткарып, көрүүчүлөргө тартуулады.

Ауди Александер комуз жасоого кызыгып, аспапты өз колу менен жасаганын айтып, аны чертип, кыргызча ырдоону интернет аркылуу үйрөнгөнүн белгиледи.

Чет өлкөлүк коноктун өнөрүнө ыраазычылык билдирген президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева ага Баткен облусунун атынан Айгүл гүлү түшүрүлгөн белек тапшырды.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өлкөнүн аймактарында кыргыздын улуттук маданиятын, каада-салтын жана өнөрүн тааныткан бир катар иш-чаралар өтүүдө.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.

а MP4 · 15.3 МБ Жүктөп алуу