Көчмөндөр оюндары: Ирандык спортчу стронгмен мелдешинде жеңүүчү аталды

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 15:25
df35ae7f-2ed6-4279-af1d-0ac059ff0db2.jpeg
9ab2333c-6e2f-41e9-9b5c-cf13592d5579.jpeg
6466dd85-3552-4ada-82e6-63d25c161e46.jpeg
df35ae7f-2ed6-4279-af1d-0ac059ff0db2.jpeg
9ab2333c-6e2f-41e9-9b5c-cf13592d5579.jpeg
0796edd6-e3ac-45fc-ae6e-76ac7d203758.jpeg
04c0c82b-aebf-4d45-af56-cfeb502752cd.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиаштабы

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. 2-4-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында стронгмен боюнча мелдеш өтүп, анын жыйынтыгы чыгарылды.

Оюндардын медиа штабынан билдиришкендей, мелдешке дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 19 спортчу катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Ирандын өкүлү Сажад Солтанинежад ээлеп, 150 миң сом байгеге ээ болду.

Экинчи орунду Россиядан келген Денис Вагапов камсыздап, 130 миң сом алды. Үчүнчү орун Казакстандын спортчусу Вадим Макарстовго буюруп, ага 100 миң сом тапшырылды.

Белгилей кетсек, стронгмен — дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулар күч сынашкан мелдеш. Ал эркектер арасында салмак категориялары эске алынбастан өткөрүлөт.