Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата республикалык сынактык тандап алуулардын жыйынтыгы чыгарылып, жылдын мыкты мугалимине Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батир берилди.
Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы мектептин диндердин өнүгүү тарыхы сабагынын мугалими Меруэт Бакирова башкы байгеге татыктуу болду. Ага жаңы батирдин ачкычын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев салтанаттуу түрдө тапшырды.
Мындан тышкары, ар түрдүү предметтик номинациялар боюнча мыкты деп таанылган 14 мугалимге Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылды.