Ысык-Көл, 30.08.26 /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар түрдүү өлкөлөрдүн элдерин көчмөн цивилизациясынын бай мурастарынын айланасында бириктирген уникалдуу эл аралык иш-чара болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңешинин 35-отурумунда билдирди.
Анын айтымында, көчмөндөр оюндары улуттук каада-салттарды жана маданий өзгөчөлүктөрдү сактоонун, элдердин ортосундагы достукту бекемдөөнүн, ошондой эле салттуу спорт түрлөрүн жайылтуунун символуна айланды.
“Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү идеясы дал ушул Кыргызстанда жаралган. Алгачкы оюндар 2014-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн. Анын негизги максаты көчмөн элдердин салттуу спорт түрлөрүн, маданиятын жана руханий мурастарын кайра жандандыруу жана жайылтуу болгон.
Андан бери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир нече өлкөдө өткөрүлүп, ири эл аралык иш-чарага айланды. Быйыл көчмөндөр оюндары бул долбоордун идеясы жаралган Кыргызстанга кайрадан кайтып келүүдө.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ага дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүнөн 3 миңге жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Мелдештерге Азия, Европа, Америка, Африка жана дүйнөнүн башка аймактарынан келген өкүлдөр катышат”,-деди Шерметалиев.
Оюндардын программасы үч негизги багытты — этноспортту, маданиятты, ошондой эле илим жана салттуу билимдерди камтыйт. Коноктор ар түрдүү элдердин улуттук спорт түрлөрү, каада-салттары, музыкасы, кол өнөрчүлүгү, улуттук ашканасы жана жашоо-турмушу менен тааныша алышат.
“Программада салттуу ат оюндарына жана улуттук спорт түрлөрүнө өзгөчө орун берилген. Алардын катарында көк бөрү, алыш, ордо, улуттук күрөштүн түрлөрү жана башка мелдештер бар.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кадимки спорттук иш-чаранын алкагынан чыгып, маданияттардын масштабдуу эл аралык форумуна айланууда. Бир аянтчада ар башка тилде сүйлөгөн, түрдүү маданиятты жана салтты алып жүргөн адамдар жолугушат. Ошол эле учурда аларды тарыхка, жаратылышка, үй-бүлөгө, адамдык кадыр-баркка жана ак ниет атаандаштыкка болгон урмат-сый сыяктуу жалпы баалуулуктар бириктирет”, — деп баса белгиледи ал.