Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары майыптыгы бар адамдар үчүн да жеткиликтүү өтүүдө. Буга Бразилиядан келген конок Джулиана өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.
Эмгек министрлигинен билдиришкендей, ал майыптар арабасы менен жүрөрүн айтып, Кыргызстанга келгенге чейин иш-чараларга тоскоолдуксуз катыша аларынан күмөн санаганын белгиледи. Бирок Кырчын жайлоосунда кызматкерлер дайыма жардам көрсөтүп, аны атайын транспорт менен иш-чара өтүүчү жайларга жеткирип жатканын айтты.
"Жардам көрсөтүп жаткан Эмгек министрлигине абдан ыраазымын. Менин оюмча, баары абдан жакшы иштеп жатышат", — деди Джулиана.
Анын айтымында, мындай шарттар кыймылында кыйынчылыгы бар адамдарга ири эл аралык иш-чараларга толук кандуу катышууга мүмкүнчүлүк берет. Джулиана мындан ары "Рух Ордо" маданий борборундагы иш-чараларга барууну пландап жатат.