Көчмөндөр оюндары: Америкалык жаран кыргыз тилинде ырдады

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 16:45
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө келген америкалык Уильям Малтви “Кабар” агенттигине кыргыз тилинде ырдап берди.

“Мен америкалыкмын, жубайым кыргыз. Ордо оюнун мындан эки жыл мурун билип калдым, ал мага абдан кызыктуу көрүндү», - деди ал.

Уильям Малтви Кыргызстанды жакшы көрөрүн жана бул жакка жыл сайын келип турарын айтты.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.