Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө илимий кызматташтыкты өнүктүрөт

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 18:25
Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө илимий кызматташтыкты өнүктүрөт
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында илимий иш-чаралар да өткөрүлөт. Бул тууралуу илим, жогорку билим жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, оюндар спорттук мелдештер менен гана чектелбестен, илимий жана маданий диалог үчүн да маанилүү аянтча болуп саналат.

“3-сентябрда Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда “Көчмөндөр цивилизациясы: мурас, парадигмалар жана келечек” аттуу эл аралык илимий конференция өтөт. Ага Кыргызстан менен катар Казакстан, Россия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея, Индия, Франция, Германия, Италия, Польша, Швеция, Нидерланддар, Жаңы Зеландия, Сауд Арабиясы жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары катышат.
Конференция сегиз тематикалык секция боюнча өтөт. Анда тарых, маданият, археология, антропология, туруктуу өнүгүү, санариптештирүү, саясий-укуктук системалар, этноспорт, түрк дүйнөсүнүн мурасы жана маданий баалуулуктарды сактоо маселелери талкууланат. Ошондой эле конференция кыргызстандык жана чет өлкөлүк окумуштуулар үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы кесиптик байланыштарды түзүүгө жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет”,- деп белгиледи министр.