“Көчмөндөр-2026: Туристтик маршруттар, этно аянтчалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 13 Июль 2026 18:13
WhatsApp_Image_FFHZTzM.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Алдыда боло турчу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен гана чектелбестен, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан ири маданий жана туристтик иш-чарага айланат. Оюндардын алкагында жергиликтүү жана чет өлкөлүк коноктор үчүн көчмөндөрдүн тарыхы, маданияты жана салт-санаасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген туристтик багыттар уюштурулат.

Оюндардын расмий ачылыш аземи 2026-жылдын 31-августунда борбор калаадагы “Бишкек-Арена” стадионунда өтөт.

Андан соң негизги иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уланат. Мелдештер жана маданий программалар бир нече негизги аянтчада өтүп, башкы иш-чаралар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо уюштурулат. Бул жерде көк бөрү, көкпар, эр эңиш, ат чабыштар жана башка улуттук спорт түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Ошондой эле спорттук мелдештер Газпром дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде, “Евразия” мейманканасында жана Кырчын этношаарчасында өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар “Дордой Номад” амфитеатрында, “Рух Ордо” маданий борборунда, Көчмөн цивилизациясынын борборунда жана Кырчын этношаарчасында уюштурулат.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында туристтер үчүн атайын маршруттар сунушталып, алардын катарына Чолпон-Ата ипподрому, Кырчын этношаарчасы, Көчмөн цивилизациясынын борбору, “Рух Ордо” жана башка туристтик жайлар кирет. Бул багыттар аркылуу коноктор спорттук мелдештерди көрүү менен катар кыргыз элинин тарыхы, кол өнөрчүлүгү, музыкасы жана көчмөн жашоо образы менен жакындан тааныша алышат.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымовдун айтымында, коноктор Көчмөндөр айылына барып, көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып, улуттук маданиятты чагылдырган иш-чараларга, көргөзмөлөргө жана фестивалдарга катыша алышат.

“Коноктор спорттук мелдештерди көрүү менен гана чектелбестен, кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын жана жашоо образын таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышат”, — деди Касымов.

Анын маалыматына ылайык, туристтер үчүн транспорттук багыттар да даярдалып, оюндар өтүүчү жайларга жана туристтик объектилерге жеткирүү үчүн атайын автобустар каттайт.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, оюндардын алгачкы күндөрүнөн тарта конокторду спорттук мелдештер менен катар этномаданий иш-чаралардын кеңири программасы күтөт. Алты күндүк программада “Көчмөндөрдүн жаңырыгы” этно ырлар фестивалы, Nomad Fest, “Көчмөндөрдүн мурасы” фестивалы, Art Lab чыгармачылык аянтчасы жана этно-базар сыяктуу маданий долбоорлор өтөт.

Ысык-Көлдө туристтик объектилерге жетүү жолдору жаңыланууда

Көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында туристтик маршруттардын маанилүү бөлүгү болгон жол инфраструктурасы да жаңыланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, курорттук аймактагы жана оюндар өтө турган объектилерге алып баруучу негизги жолдордо оңдоо жана асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда Чолпон-Ата шаарындагы К. Акматов көчөсү аркылуу “Алма-Ата” мейманканасына алып баруучу 1 650 метр жол толугу менен асфальтталып, пайдаланууга даяр болду. Ошондой эле бир катар эс алуу жайларына алып баруучу жолдордо иштер уланууда.

Кара-Ой айылындагы “Азербайджан” пансионатына алып баруучу 1,3 чакырым жолдо даярдык иштери аяктап, асфальт төшөө алдында турат. Сары-Ой айылындагы “Чайка” пансионатына алып баруучу 1,1 чакырым жолго асфальт төшөлүп, акыркы иштер аткарылууда.

Мындан тышкары, “Алтын Булак” пансионатынын автоунаа токтотуучу жайы жаңыланып, “Радуга Вест” гольф-клубуна жана Корумду айылындагы бир катар пансионаттарга алып баруучу жолдордо иштер жүрүп жатат.

Көчмөндөр оюндары башталганга чейин негизги жолдорду толук пайдаланууга берүү пландалууда.