Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын илимий программасы өз ишин жыйынтыктады. Анын алкагында көчмөн цивилизациялардын тарыхын, маданиятын, философиясын, салттарын жана мурасын изилдөө боюнча эл аралык аянтча түзүлдү. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында илим, жогорку билим жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.
Анын айтымында, программанын негизги иш-чараларынын бири болгон “Көчмөндөр цивилизациялары: мурасы, парадигмалары жана келечеги” эл аралык илимий конференциясына чет өлкөлүк окумуштуулар жана изилдөөчүлөр катышты.
Конференциянын жыйынтыгында көчмөн цивилизациялардын тарыхын, маданиятын жана мурасын изилдөө боюнча эл аралык илимий иштерди улантуу, ошондой эле электрондук архивдерди, санариптик коллекцияларды жана илимий маалымат базаларын өнүктүрүү боюнча резолюция кабыл алынды.
Ошондой эле окумуштуулардын өз ара аракеттенүүсү үчүн туруктуу эл аралык аянтча түзүү жана тарых, археология, этнология, антропология, философия, маданият, экология сыяктуу багыттар боюнча дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү кеңейтүү каралды”, — деди ал.
Министр белгилегендей, мындан тышкары, көчмөн коомдордун салттуу экологиялык билимдерин климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана туруктуу өнүгүү шартында изилдөөгө көңүл бурулат.
“Конференциянын илимий жыйнагы да жарык көрүп, ага катышуучулардын баяндамалары жана илимий эмгектери түп нуска тилдеринде киргизилди.
Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын демилгелеген өлкө катары илимий багытты мындан ары да өнүктүрүп, эл аралык илимий байланыштарды бекемдөөгө жана биргелешкен изилдөөлөрдү, академиялык алмашууларды жана эл аралык долбоорлорду колдоого ниеттенүүдө”,-деди министр.