Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Казакстандын жараны Египетте жарнама тактасы басып калып, каза тапты. Бул тууралуу "Интерфакс-Казакстан" агенттигине Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирген.
Маалыматта айтылгандай, Шарм-эль-Шейхтеги аэропортто жарнама тактасы кулап кетип, казакстандык аялды басып калган. Дагы эки Казакстандын жараны жеңил жаракат алган.
Смадияров көз жумган аялдын туугандары менен байланыш түзүлгөнүн, жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн айткан.
"Египет тарап Казакстандын жаранынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Египеттин жарандык авиация министри кырсыкты өз көзөмөлүнө алды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Казакстандын элчилиги да окуяны өзгөчө көзөмөлгө алды", - деп белгилеген Смадияров.