Казакстандын билим берүү программасына жасалма интеллект киргизилет

Борбор Азия Загрузка... 07 Февраль 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-02-06 at 15.07.14.jpeg

Бишкек, 06.02.25. / Кабар/. Казакстанда 2026-жылы күчүнө кире турган жаңы билим берүү стандартына жасалма интеллект киргизилди. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук билим берүү академиясынын вице-президенти Руслан Каратабанов "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы стандартка ылайык, ар кандай предметтер боюнча программаларга жасалма интелекттин негизиндеги түрдүү инструменттерди колдонууга байланышкан иштердин түрлөрү киргизилди.

“Бүгүнкү күндө Казакстанда 2026-жылы колдонула турган жаңы билим берүү стандарты бекитилди. Жасалма интелект глобалдык өнүгүүнүн факторлорунун бири, ошондуктан ага көңүл бурбай коюуга болбойт. Ал бир катар кесиптерди сүрүп чыгарышы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Жасалма интеллект балдарды үйрөтүшүбүз керек болгон курал. Мисалы, биология, химия, физикада - бул виртуалдык лабораториялар. Тил боюнча, бул баарлашууга жана сүйлөшүүгө мүмкүндүк берген ар кандай тиркемелер. Географиялык жактан бул навигациялык системалар.

Азыр адамдар генеративдик жасалма интеллект дегенди гана айтып жатышат, бирок биз генеративдик жана генеративдик эмес жасалма интеллектти куруп жатабыз”, - деп түшүндүрдү академиянын вице-президенти.