Казакстандык күйөрман: Кыргыз бир туугандар жеңди, оюн таза өттү

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 15:38
Казакстандык күйөрман: Кыргыз бир туугандар жеңди, оюн таза өттү
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Казакстандын Арыс шаарынан келген күйөрман Ердавлет Келдибек көк бөрү боюнча финалдык беттешти көрүү үчүн атайын келгенин билдирди. Ал оюндан алган таасири менен ”Кабар” агенттигине бөлүштү.

Анын айтымында, финалдык беттеш таза, калыс жана эч кандай көйгөйсүз өттү.

”Оюн жакшы болду. Кыргыз бир туугандар жеңди, жеңиши кут болсун. Бүгүнкү оюн таза жана калыс өттү. Баары тынч”, — деди ал.

Ердавлет Келдибек Арыс шаарынан келген күйөрмандар менен бирге казакстандык спортчуларды колдоо үчүн атайын келгенин белгиледи.

”Биз Арыс шаарынан атайын колдоп, күйөрмандык кылуу үчүн келдик. Оюн жакты, баары жакшы болду”, — деп кошумчалады казакстандык күйөрман.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.