Казакстан "Жасалма интеллект жөнүндө" мыйзам кабыл алды

Дүйнө Загрузка... 18 Ноябрь 2025 09:23
art_61600.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Казакстан Борбор Азияда биринчи болуп "Жасалма интеллект жөнүндө" мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, бул документ адамдын укуктарын, эркиндигин жана аброюн башкы артыкчылык катары сактоо менен жасалма интеллектти (ЖИ) экономикага жана мамлекеттик кызматтарга киргизүүгө мүмкүндүк берген жаңы укуктук негизди түзөт.

Жаңы мыйзам ар бир жаранды коргоого тийиш болгон принциптерди киргизет:

  • адам чечим кабыл алууга ЖИ системасы катышканын билүүгө укуктуу;
  • автоматташтырылган чечим анын кызыкчылыгына таасир этсе, түшүндүрмө талап кыла алат;
  • анын маалыматтары мыйзам чегинде гана жана тийиштүү коргоо менен гана иштетилиши керек.

Ошондой эле мыйзам адамдын жүрүм-турумун манипуляциялоого аракет кылган, анын алсыз жактарын колдонгон, социалдык рейтинг түзгөн, макулдугу жок эмоцияларын аныктаган же мыйзамсыз түрдө маалымат чогулткан системаларды түзүүгө жана колдонууга түздөн-түз тыюу салат.

Мыйзамдын өзүнчө бөлүгү жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн жана чыныгы окуяларды же адамдарды туураган синтетикалык контентке (сүрөттөр, видео, аудио жана тексттер) арналган. Мындай материалдар ар бир колдонуучу алдында генерацияланган маалымат турганын түшүнүшү үчүн, так жана көрүнүктүү түрдө белгилениши (маркировкаланышы) керек.

Мындан тышкары, мыйзам жасалма интеллекттин улуттук платформасын түзүүгө негиз салат.