Катуу ысыкка байланыштуу Эйфель мунарасынын чокусу эки күнгө жабылды

Дүйнө Загрузка... 02 Июль 2025 08:55
f7485986-7fc3-4c0c-bbab-c8f3a3bb849f.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 2.07.25 /Кабар/. Ысыктан улам кечээ жана бүгүн Эйфель мунарасынын чокусу туристтер үчүн жабык болот. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы билдиргенин Коммерсант агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, Парижде абанын температурасы 41°Сге чейин көтөрүлөрү болжолдонууда. Франциянын 15 департаментинде, анын ичинде Парижде дагы, аба ырайынын “кызыл” деңгээли жарыяланды. Өтө катуу ысыкка байланыштуу кечээ 1350гө жакын мектеп жабылып же жарым-жартылай иштеди. Ардеш жана Дром аймактарында 5 миңден ашуун үй жарыксыз калды. Ошондой эле Париж менен бир катар шаарлардын, анын ичинде Тулуза жана Лимузендин ортосундагы поезд каттамдары токтотулду.

Катуу ысык Европанын көпчүлүк аймактарын каптады. Испаниянын айрым региондорунда температура 43°Сге чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Португалияда 29-июнда температура 46,6°С градусту көрсөттү. Ал эми Лондондо 34°С болушу күтүлүүдө. Италиянын Флоренция шаарында бүгүн температура 40°Сге жетет деп болжолдонууда. Германиянын үч облусунда абанын катуу ысышы боюнча эскертүү берилди, деп белгиленет маалыматта.