Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги катуу таштандыларды жана эски дөңгөлөктөрдү жаккандар болсо 108 ишеним телефонуна кайрылууну өтүнөт.
Ведомстводон билдиришкендей, мындай аракеттер ыш менен күрөшүү, экологияны сактоо максатында аткарылууда.
"Эгерде таштанды, эски дөңгөлөктөрдүн күйүп жатканы жана башка экологиялык мыйзам бузууларды көрсөңүздөр, 108 ишеним телефонуна чалыңыздар.
Келгиле, өзүбүз жана келечек муундар үчүн экологиялык таза дүйнөнү түзүүгө бирге аракет кылалы! Жоопкерчиликти алалы! Ар бирибиз экологиябызды сактоого жана жакшыртууга салым кошо алабыз", — деп айтылат маалыматта.