Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанга туристтерди тартууга чоң салым кошту. Бул тууралуу Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымов билдирди.
Анын айтымында, кийинки жылдары Кыргызстанда туристтердин агымы көбөйүшү күтүлүүдө.
"Ошондуктан биз бүгүнтөн тартып туристтерди кабыл алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшүбүз керек. Бул инфраструктураны өнүктүрүүгө, көрсөтүлүүчү туристтик кызматтардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле кадр маселесин чечүүгө тиешелүү", — деди ал.