Касымалиев Жалал-Абад облусун өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрүп, бир катар объектилерди кыдырды

Министрлер кабинети 1503 24 Январь 2025 12:32
679330fe03446-thumb.jpeg
679330f95de19-thumb.jpeg
679330fe4ccc1-thumb.jpeg
6793313cafc9d-thumb.jpeg
6793313fb4c98-thumb.jpeg
6793314c2f8fe-thumb.jpeg
6793314d43a0c-thumb.jpeg
6793315b2593f-thumb.jpeg
6793315d3675c-thumb.jpeg
67933110d3115-thumb.jpeg
679331136c2a0-thumb.jpeg
679331620abd2-thumb.jpeg
67933101920cf-thumb.jpeg
67933152802a5-thumb.jpeg
67933153740d6-thumb.jpeg
67933156453bb-thumb.jpeg
6793314360373-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
679330fe03446-thumb.jpeg
679330f95de19-thumb.jpeg
679330fe4ccc1-thumb.jpeg
6793313cafc9d-thumb.jpeg
6793313fb4c98-thumb.jpeg
6793314c2f8fe-thumb.jpeg
6793314d43a0c-thumb.jpeg
6793315b2593f-thumb.jpeg
6793315d3675c-thumb.jpeg
67933110d3115-thumb.jpeg
679331136c2a0-thumb.jpeg
679331620abd2-thumb.jpeg
67933101920cf-thumb.jpeg
67933152802a5-thumb.jpeg
67933153740d6-thumb.jpeg
67933156453bb-thumb.jpeg
6793314360373-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/ Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облусту өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү.   

Адылбек Касымалиев белгилегендей, президенттин тапшырмасына ылайык, быйыл 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону Жалал-Абад облусунда өткөрүү пландаштырылган. 

Жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору сунушталды.   

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата 30дан ашуун ишкана, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.  

Отурумдун жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону жогорку деңгээлде өткөрүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ата мекендик жана чет элдик инвесторлорго көмөк көрсөтүү, ошондой эле облустун социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүшүнүн башка маселелери боюнча бир катар тапшырмаларды берди.  

Мындан тышкары, минкаб төрагасы жумуш сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан Жалал-Абад шаарында ишке ашырылып жаткан турак жай комплекстеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.  

Батирлер “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека”, “Жеткиликтүү ипотека” багыттары боюнча, ошондой эле үлүштүк турак жай куруу механизминин алкагында берилет.  

“Асман Резиденс 2” турак жай комплекси 400дөн ашуун батирден турат. Долбоор 2025-жылдын экинчи кварталына карата аяктоосу күтүлүүдө. Ал эми, “Асман Резиденс 1” турак жай комплекси 600дөн ашуун батирден турат. Анын курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында бүтөөрү күтүлүүдө.  

Иштин жүрүшү менен жеринде таанышып чыккандан кийин, курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар берилди.