Касымалиев: Ош шаарында былтыр инвестиция тартуу азайган

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Февраль 2026 09:30
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Ош шаарында сырттан инвестиция тартуу көрсөткүчү 2025-жылы эң төмөн деңгээлге түштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мэриянын жыйынында билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, былтыр бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 44,1%га азайган.

"Чет элдик инвестицияларды тартууда былтыр Ош шаарынын көрсөткүчү эң төмөн болуптур. 2025-жылдын январь-сентябрь айларында шаарга чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,2 млн долларды түзүптүр. 2024-жылга салыштырмалуу 44,1%га төмөндөгөн. Бул жерде көйгөй бар экени көрүнүп турат. Мунун үстүндө мэрия иштеш керек", - деди минкаб жетекчиси.