Касымалиев: Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын 60 түрү 80 өлкөгө экспорттолот

Министрлер кабинети 21 Февраль 2026 13:55
699952a4b04a4-thumb.jpeg
699952a38d0dd-thumb.jpeg
699952a56c808-thumb.jpeg
699952a87ff76-thumb.jpeg
699952a00610f-thumb.jpeg
699952a60978e-thumb.jpeg
699952a81442d-thumb.jpeg
699952a215237-thumb.jpeg
699952ae1b497-thumb.jpeg
699952b5ea098-thumb.jpeg
699952b6edce3-thumb.jpeg
699952b772e4b-thumb.jpeg
699952b9269ea-thumb.jpeg
699952b45311e-thumb.jpeg
699952b97189d-thumb.jpeg
699952b385961-thumb.jpeg
699952bac4614-thumb.jpeg
699952bc3af37-thumb.jpeg
699952bc97507-thumb.jpeg
699952be13ef7-thumb.jpeg
6999529aec331-thumb.jpeg
6999529d387c6-thumb.jpeg
6999529f26538-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
699952a4b04a4-thumb.jpeg
699952a38d0dd-thumb.jpeg
699952a56c808-thumb.jpeg
699952a87ff76-thumb.jpeg
699952a00610f-thumb.jpeg
699952a60978e-thumb.jpeg
699952a81442d-thumb.jpeg
699952a215237-thumb.jpeg
699952ae1b497-thumb.jpeg
699952b5ea098-thumb.jpeg
699952b6edce3-thumb.jpeg
699952b772e4b-thumb.jpeg
699952b9269ea-thumb.jpeg
699952b45311e-thumb.jpeg
699952b97189d-thumb.jpeg
699952b385961-thumb.jpeg
699952bac4614-thumb.jpeg
699952bc3af37-thumb.jpeg
699952bc97507-thumb.jpeg
699952be13ef7-thumb.jpeg
6999529aec331-thumb.jpeg
6999529d387c6-thumb.jpeg
6999529f26538-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 21.02.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Агродиалог» форумунун ишине катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө айыл чарба тармагында жетишилген ийгиликтерге токтолуп, өткөн жылдын негизги көрсөткүчтөрүн атады:

  • Айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 459,7 млрд сомду түздү (2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көп), өсүү темпи – 102,2 %;
  • Кайра иштетүү өнөр жайында 104,7 млрд сомдук продукция өндүрүлдү (2024-жылга салыштырмалуу 16,2 млрд сомго көп), өсүү темпи – 130,1 %;
  • Айыл чарба продукциясын экспорттоодо да оң көрсөткүчтөргө жетишилди: айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрү дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнө экспорттоло баштады;
  • Өлкөнүн калкы азык-түлүктүн тогуз негизги социалдык маанилүү түрүнүн алтысы менен камсыздалган. 

"Бул жетишкендиктер – сиздердин жан аябас эмгегиңиздердин натыйжасы. Бийлик менен бизнестин аракеттери жылдан жылга барган сайын шайкеш келип жатканын белгилегим келет. Күйүүчү май, насыя берүү жана башка маселелерди чечүүдө олуттуу прогресске жетишилди. Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программада айыл чарба тармагында бир катар багыттар аныкталган, алардын ичинде: айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүн 30 %га көбөйтүү; айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн физикалык көлөмүн 2 эсеге көбөйтүү; суунун жоготуу деңгээлин 15 %га чейин төмөндөтүү; сугат жерлердин аянтын 15 миң гектарга көбөйтүү; жерлердин суу менен камсыз болушун 93 миң гектарга жогорулатуу. Суу маселесинин өзгөчө маанилүүлүгүн эске алуу менен, 2026-жылы ирригация тармагына 12,3 млрд сом каралган. Жалпысынан айыл чарбасына 41,1 млрд сом багыттоо пландаштырылууда (2025-жылы 31,5 млрд сом каржыланган)", - деди ал. 

Адылбек Касымалиев жакынкы жылдары үрөнчүлүктүн, асыл тукум мал чарбасынын жана питомниктердин материалдык базасын активдүү чыңдоо зарыл экенин кошумчалады. Бул багытта ишке ашырылып жаткан өнүктүрүү долбоорлору боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттарды толук өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. 

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%ке, ал эми 2040-жылга чейин 50%ке жеткирүүнү пландаштырууда. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч болгону 7%ды түзөт. Бул максатка жетүү үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизүү зарыл, анын ичинен 75и 2026-жылы иштеп баштоосу керек, ошондой эле агрокластерлерди жана кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү зарыл. 

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Голландиянын тажрыйбасын мисалга келтирди, ал жерде жоогазындарды өстүрүү 1 млрд евродон ашык киреше алып келет, ал эми Түркия кургатылган өрүктү жылына болжол менен 400 млн долларга экспорттойт. Ал Кыргызстан кургак өрүктү дүйнөлүк рынокко чыгара баштаганын белгилеп, кыргыз өрүктөрү бүткүл дүйнөгө таанылышы үчүн комплекстүү ишти улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул багыттагы биринчи кадам ички рынокто өз продукциясын сатууну кеңейтүү боюнча системалуу аракеттер болушу керек. Анын айтымында, ата мекендик продукциянын баасын жогорулатуу, аны жогорку деңгээлде илгерилетүүнү уюштуруу жана керектөө маданиятын калыптандыруу зарыл. 

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы форумдун катышуучуларынын көңүлүн айыл чарбасында жана жалпы эле экономикада илимдин жана билим берүүнүн ролун жогорулатуу зарылдыгына бурду. Бул контекстте ал Кыргыз улуттук агрардык университетинен, ошондой эле бул тармакта иштеген окумуштуулардан өкмөт айыл чарбасына олуттуу салым кошууну күтөрүн белгиледи. 

Форумдун алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.