Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында министрлер кабинетинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумду баштап жатып минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөнүн экономикасы жогорку өсүү темпин сактап, жылдан жылга эл аралык аброюн бекемдеп жатканын айтып, 2025-жылы ички дүң продукция 11,1 пайызга, 2026-жылдын 9 айында 10,8 пайызга өскөнүн билдирди.
Статистикалык көрсөткүчтөр боюнча, өлкөгө 2025-жылы 1 млрд 310,8 млн доллар тикелей чет өлкөлүк инвестиция тартылса, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 709,9 млн долларды түзгөн.
Инвестицияны көбөйтүү менен бирге мамлекеттин кызыкчылыгын жана долбоорлордун экономикалык кайтарымын камсыз кылуу мамлекеттин милдети экенин кошумчалаган минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, бүгүнкү министрлер кабинетинин жыйынынын күн тартибине инвестициялык саясатка жана ири долбоорлорго байланышкан маселелер киргизилгенин билдирди.
Ага ылайык, алгач жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү стратегиялык мааниге ээ долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылуу, мамлекеттик колдоо чараларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо жана коштоо тартибин өркүндөтүү максатында, “Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизүү маселеси каралып, ал кабыл алынды.
Ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана аймактарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Бишкек”, “Каракол”, “Лейлек”, “Маймак” жана “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизилди.
Мындан тышкары, Нарын облусунда энергияны көп керектеген төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, министрлер кабинетинин тескемеси кабыл алынды.
Отурумдун соңунда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, жогоруда кабыл алынган чечимдер – инвесторлор үчүн алдын ала түшүнүктүү жана мамлекет үчүн экономикалык жактан негиздүү болуп, эсептөө, отчеттуулук жана көзөмөл тартиби так болушу керектигин белгилеп, президенттин администрациясына киргизиле турган ар бир ченемдик укуктук актылардын долбоорлору дыкат иштелип чыгуусун айтып, бир катар тапшырмаларды берди.