Касымалиев: Чек ара маселесинин чечилгенин көп өлкөлөр жогору баалады

Коом Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 17:50
WhatsApp_Image_ynCJFKo.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Чек ара маселесинин чечилгенин көп өлкөлөр жогору баалады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Министрлер кабинетинин жетекчиси Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери сүйлөшүп, дипломатиялык жол менен 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселени чечишкенин белгиледи.

“Айылдар алмашылды, жаңы айылдар курулду. Бизге кээ бир айылдар өттү. Үч мамлекеттин чек арасы кесилишкен жерде стелла орнотулду. Чек ара маселесинин чечилишин азыр башка мамлекеттерге үлгү катары көрсөтүп, аларга кантип буга жетишкенибизди бөлүшкөнгө да даярбыз. Бизден да сурашат. Инвестиция тартып келгенге да дүйнө жүзүнө чоң сигнал болду”, - деди минкаб башчысы.