Касым Каимовго 100 жыл: Жазуучуну эскерүү иш-чарасы өтөт

Коом 2 апрель 2026 12:22
Касым Каимовго 100 жыл: Жазуучуну эскерүү иш-чарасы өтөт

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. 8-апрелде А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада жазуучу, прозаик жана сатирик Касым Каимовдун 100 жылдыгына арналган адабий эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Анда белгиленгендей, китепкананын фойесинде Касым Каимовдун уулу — белгилүү сүрөтчү, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Нурдин Каимовдун атасына арнаган сүрөт көргөзмөсү, ал эми 3-кабаттагы Чыңгыз Айтматов залында эскерүү иш-чарасы өтөт.

Уюштуруучу — Жазуучулар союзу.