Касыбеков: Азыркы шартта ЖМК менен аналитиканын кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 11:30
WhatsApp Image 2026-07-27 at 10.24.45.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө маалымат каражаттары менен аналитикалык борборлордун кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу Журналисттердин көз карандысыз уюмунун төрагасы Азамат Касыбеков Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунда билдирди.

Анын айтымында, ЖМК менен аналитика дайыма тыгыз байланышта болуп келген. Анткени, аналитиктер маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка, бийликке жана чечим кабыл алуучуларга өз таасирин жеткирип келишкен.

“Бүгүн маалымат мейкиндиги өзгөрүп жатат, демек ЖМКлар да өзгөрүүдө. Негизги маселе — кырдаалды талдоону адамдарга кандайча түшүнүктүү жана жөнөкөй тил менен жеткирүүдө. Себеби, анализ дайыма татаал процесс болуп саналат”, — деди ал.

Касыбеков азыркы жаштардын маалыматты кабыл алуусу да өзгөргөнүн белгиледи. Анын пикиринде, кыска форматтагы маалыматтарга көнүп калган аудиторияга терең аналитикалык материалдарды жеткирүү жаңы ыкмаларды талап кылат.

“Азыр жаштардын арасында TikTok форматы үстөмдүк кылууда. 30 секунддук видеого терең анализди толук камтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан биз мындай маалыматтарды коомчулукка кандайча туура жеткирүү керектиги тууралуу ойлонушубуз зарыл”, — деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, форумдун негизги максаттарынын бири — жасалма интеллекттин өнүгүшү, социалдык тармактардын кеңейиши сыяктуу жаңы чакырыктар шартында тажрыйба алмашуу жана келечекте кандай багытта иш алып баруу керектигин талкуулоо.

Ал бүгүнкү күндө негизги милдеттердин бири — маалымат агымында аналитиктердин үнүн туура жеткирүү экенин белгиледи.

“Мурдагы ыкмалар өзгөрүп, азыр технологиялык жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Бирок негизги суроо — чоң маалымат агымында аналитиктердин маанилүү ойлорун кантип угузабыз деген маселе бойдон калууда”, — деп сөзүн жыйынтыктады Азамат Касыбеков.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында алгачкы жолу ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги биргелешип уюштурууда.